УКМК жазуучу Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча үн катты

УКМК жазуучу Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жазуучу жана публицист Олжобай Шакирдин кармалышы боюнча үн катты.

УКМКнын маалыматы боюнча, Олжобай Шакир Facebook, TikTok жана YouTube каналдарында чагымчыл мүнөздөгү, бийлик өкүлдөрүнө баш ийбөө жана массалык башаламандыктарга чакырган билдирүүлөрдү жарыялап келген. Олжобай Шакирдин билдирүүлөрү боюнча жүргүзүлгөн экспертиза анын сөздөрүндө массалык башаламандыктарга, бийликти күч менен басып алууга жана конституциялык түзүлүштү өзгөртүүгө чакырыктар бар деген жыйынтык чыгарган.

УКМК Олжобай Шакирге Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгү (бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык баш аламандыктарга чакырыктар) боюнча кылмыш ишин козгогон.

Коопсуздук комитети Олжобай Шакир аталган кылмыш ишинин алкагында кармалып, соттун чечими менен УКМКнын тергөө абагына камакка алынганын билдирди.

Ошол эле учурда УКМК социалдык тармактарды колдонгон жарандарга этикалык нормаларды сактоо керектигин эсине салып, жалган маалымат таратпоого, Кыргызстандын мыйзамдарын жана коомдук тартипти бузган иш-аракеттерди жасабоого чакырат.

Эскерте кетсек, жазуучу Олжобай Шакир 23-августта үйүнөн УКМКга алынып кетип, бир нече саатка созулган сурактан кийин 48 саат камакка алынган. 24-августта Биринчи май райондук соттун чечими менен ал 23-октябрга чейин камалган.

Олжобай Шакир кармалардан мурда Ысык-Көлдөгү 4 пансионаттын Өзбекстанга 49 жылга ижарага берилишине каршы экенин айтып чыккан. Ошондой эле 31-августта митинг уюштурууну ниеттенген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>