Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди

Бишкекте Патрулдук милиция кызматы ишке кирди

Бишкекте бүгүн жаңы түзүлгөн Патрулдук милиция кызматы ишке кирди.

Жаңы түзүлгөн кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди.

Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймылынын коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт.

Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын башка аймактарында да иштеп баштары айтылган.

Патрулдук милицияны түзүү Ички иштер министрлигин реформалоонун багыттарынын бири болуп саналат.

Бишкекте патрулдук милиция кызматын түзүү боюнча пилоттук долбоорду киргизүүгө 2020-жылдагы өлкө казынасынан 184 млн. сом бөлүнгөн.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>