Бишкекте РАНХиГС менен биргеликте Мамлекеттик башкаруунун жогорку мектеби ачылды

09.04.2026 | 16:43

Бишкекте Борбор Азиянын Мамлекеттик башкаруу жогорку мектеби ишин баштады. Долбоор Central Asia Capital инвестициялык фонду жана Орусиянын Эл чарба жана мамлекеттик кызмат академиясынын (РАНХиГС) ортосундагы кызматташтыктын алкагында ишке ашырылган.

Жаңы билим берүү аянтчасы Кыргызстандын аткаруу бийлигинин тутумундагы жогорку деңгээлдеги жетекчилерди даярдоого багытталган.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин биринчи катчысы Алексей Пойда белгилегендей, Кыргызстан менен Орусия стратегиялык өнөктөш статусун сактап келет жана мамлекеттик башкаруу үчүн кадрларды даярдоо тармагында да активдүү кызматташууда. Анын айтымында, программанын ишке кириши башкаруучуларды окутуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет, анын ичинде санариптик трансформация жана маалыматтар экономикасы шартында чечим кабыл алуу көндүмдөрүн өнүктүрүүнү камтыйт.

РАНХиГСтин проректору Андрей Марголин билдиргендей, алгачкы угуучулар окууну жыл аягына чейин аяктап, кесиптик кайра даярдоо тууралуу дипломдорду алышат. Ал программада теориялык даярдык гана эмес, Кыргызстандын экономикасынын актуалдуу маселелерине арналган бүтүрүүчү квалификациялык иштерди жактоо да каралганын баса белгиледи.

Scroll to Top