Бишкекте сабалган жаран коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты (видео)

Бишкекте сабалган жаран коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты (видео)

Бишкекте чала тааныш адамдар тарабынан сабалган жаран, коркутуулар болуп жатканын айтып чыкты. Анын кайрылуусун активист Эртай Искаков Телеграм каналына чыгарды.

Жабырлануучунун айтымында, ал быйыл 4-мартта Бишкектеги кафелердин биринде чала тааныш адамдар тарабынан сабалган.

«4-мартта түнкү саат 4:00 чамасында Бишкек шаарында жайгашкан «Центр-Бар» кафесинде, чала тааныш болгон М.А. уулу, А.К. уулу жана алардын достору мени көптөп ур-токмокко алышты. Ошол эле күнү Биринчи май райондук милицияга арыз менен кайрылдым.

 Андан ары менин арызымды Биринчи май районуна караштуу №5 бөлүмүнө которгон. Ал жакта Канат Маматжанов аттуу тергөөчү менин арызымды карап жатат», — дейт ал

Анын айтымында, 17-март күнү милиция сабаган балдардын бири А.К. уулун кармап, убактылуу кармоочу жайга камакка алган. Бирок 18-мартта Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

«А.К. уулу үй камагына чыгып алып, мага күндөп-түндөп тынчымды алып, коркутуу аракеттерин жасап жатат. А.К. уулунун сөзүнө караганда, азыркы учурда ал Ош шаарындагы уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү.

Арыз жазган күндөн тарта, мага телефон чалуулар аркылуу белгисиз адамдар тарабынан коркутуулар болуп жатат», — дейт ал.

Бул окуя боюнча Биринчи май райондук милициясы Reporter.kg’ге комментарий берип, «бейбаштык» беренеси менен кылмыш иши козголгонун билдирди.

Буга чейин милиция шектүү катары 25 жаштагы А.К. аттуу жаранды кармап, ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Бирок Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгарган.

Ошол эле учурда милиция М.А. аттуу экинчи шектүүнү кармоо боюнча тергөө-ыкчам иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

Шектүү катары кармалган А.К.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>