Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Бишкекте салттуу жаа атуу боюнча өлкө чемпионаты өттү
24.04.2024 | 09:40
Бишкекте 21-апрелде салттуу жаа атуу боюнча эркектер жана кыз-келиндер арасында өлкө чемпионаты өттү. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин спорт комплексинде өткөн мелдешке 42 спортчу катышып, жеңүүчүлөргө диплом жана медалдар тапшырылды.
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:
Эркектер арасында:
1-орун – Ынтымак Мурадил уулу;
2-орун – Улан Араев;
3-орун – Рустам Ногойбаев.
Кыз-келиндер:
1-орун – Асел Садырова;
2-орун – Чолпонай Умуркулова;
3-орун – Татына Алакунова.