Бишкектин мэриясы 25-апрелде кайсы жерлерде суу өчүрүлөрүн айтты

Бишкектин мэриясы 25-апрелде кайсы жерлерде суу өчүрүлөрүн айтты

Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө жана ага жакынкы конуштарда 25-апрелде таза суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Сарбан, Жал, Жогорку Орок, Сары-Өзөн, Кашкабаш, Достук айылдарында, 105-контур (батыш бөлүгү), ЖЭБ-2, жаңы Селекция райондорунда, Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түштүк тарабы жана Өмүр көчөсүнүн түштүк тарабы), Сокулук районунун Ак-Ордо конушунда (Ахунбаев көчөсүнөн жогору) суу өчүрүлөт.

Саат 09:00дон 22:00го чейин турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда саламаттык сактоо мекемелеринде жана башка социалдык жана өндүрүштүк объектилерде суу болбойт.

Суунун өчүрүлүшү «Баш-Кара-Суу» топтомосундагы жана куурларды оңдоо иштерине байланыштуу.

«Бишкексууканал» ишканасы жарандардан келтирилген ыңгайсыздык үчүн кечирим сурап, сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>