Кыргызстанда күн сайын рактан 10го жакын адам каза болот — депутат

Кыргызстанда күн сайын онкологиялык оорулардан 10го жакын адам каза болот. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Талант Мамытов билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө өлкөдө 37 миңден ашуун онкологиялык бейтап каттоодо турат. Алардын саны жыл сайын өсүүдө.
Депутат белгилегендей, 2020-жылы оорунун 5 миң 377 жаңы учуру катталса, 2025-жылы алардын саны 7 миңден ашкан. Ошентип, ал келтирген маалыматтар боюнча көрсөткүч болжол менен 30 пайызга өскөн.
«Бул оорудан каза болгондордун саны 3 миңден ашат. Демек, күн сайын онкологиялык оорудан 10 адам каза болуп жатат. Бул чоң трагедия», — деди депутат.
Ал депутаттар онкология тармагындагы абалды жана мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан чараларды талдап чыгышканын белгиледи. Негизги көйгөйлөрдүн бири — жабдуулардын жана бейтаптарды дарылоо үчүн зарыл болгон шарттардын жетишсиздиги.
Депутаттын айтымында, бүтүндөй Кыргызстан боюнча эки гана линиялык тездеткич бар. Мындан улам аймактардагы бейтаптар дарылануу үчүн Бишкекке келип, батир ижарага алып, коштоп жүргөн жакындары менен борбордо калууга аргасыз болушат.
Мындан тышкары, депутат билдиргендей, аялдарды текшерүү үчүн бир гана маммограф аппараты бар. Мындан улам кезек күтүүлөр жаралууда.
Ал жабдууларды сатып алууга, тиешелүү шарттарды түзүүгө жана адистерди даярдоого кошумча каржылоо талап кылынарын белгиледи.
Депутат онкологиялык оорулар менен күрөшүү боюнча эрте аныктоодон тартып дарылоого чейинки бирдиктүү мамлекеттик системаны түзүүнү сунуштады.
Тактап айтканда, ракты эрте аныктоо системасын өнүктүрүп, аймактарда онкологиялык борборлорду түзүү сунушталууда. Алгачкы этапта депутат өлкөнүн түштүгүндө эки жана түндүгүндө эки борбор ачууну сунуштады.
Бул максаттарга керектүү каражаттарды республикалык бюджеттен кароо сунушталууда.
Мындан тышкары, депутат бөлүнгөн каражаттардын сарпталышына, сатып алынган жабдуулардын иштешине жана бейтаптардын керектүү дары-дармектер менен камсыз болушуна парламенттик көзөмөлдү күчөтүүгө чакырды.