Ош шаарынын күнүнө жана Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата республикалык айтыш өтөт

Ош шаарынын күнүнө жана жазуучу Төлөгөн Касымбековдун 95 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өткөрүлөт. Айтыштын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Иш-чараны Ош шаарынын мэриясы, Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурууда.
Сынактын биринчи тандоо туру 1-октябрда саат 10:00дө Кыргыз улуттук «Манас» театрында өтөт, катышуучуларды каттоо саат 09:00дөн 10:00гө чейин жүргүзүлөт. Түштүк аймагындагы төкмө акындар үчүн тандоо 3-октябрда саат 10:00дө Ош шаарында уюштурулат. Тандоолордун жыйынтыгы менен упай топтогон 12 акын финалга чыгат.
Финалдык баскыч 3-октябрда саат 17:00дө Бабур атындагы Ош мамлекеттик музыкалык драма театрында өтөт. Айтыш упайлык негизде өтүп, акындардын жуптары чүчүкулак менен аныкталат. Баалоодо төкмөлүк чеберчилик, сөз байлыгы, теманы ачуу, үн, комуз чертүү жана сахна маданияты эсепке алынат.