«Кулун-Ата» коругунда илбирс менен күрөң аюу фотокапкандарга түшүп калдыКРдин эл артисти, балетмейстер Кубанычбек Сыдыков дүйнөдөн кайтты«Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгы жаңы деңгээлге чыгууда»: Кытайдын элчиси форумда сөз сүйлөдүУКМК эл аралык баңгизат сатуу каналы аныкталганын билдирдиКочкордо 500 орундуу жаңы мектеп курулдуКөңүл буруңуз! Көчмөндөр оюндары өтчү жайларга кандай буюмдарды алып кирүүгө тыюу салынат
Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт
23.08.2024 | 13:19
29-августта Бишкекте “скрипканын ханзаадасы” Даниэль Лозаковичтин концерти өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
23-жаштагы белгилүү швециялык скрипка-виртуозу белгилүү композиторлор Моцарт менен Сибелиустун чыгармаларын аткарат.
Бул концерт классикалык музыканын бардык күйөрмандары үчүн чыныгы музыкалык майрам жана дээрлик 300 жыл болгон Страдивари скрипкасынын үнүн угууга эң сонун мүмкүнчүлүк берет.
Лозакович президент Садыр Жапаровдун атайын чакыруусу менен Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 33-жылдыгына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунунун 100-жылдыгына карата келет.
Рубрики: Жаңылыктар, Турмуш образы