Бишкекте той-аштарды өткөрүүнү тартипке келтирүү пландалууда

Бишкекте той-аштарды өткөрүүнү тартипке келтирүү пландалууда

Бишкекте үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү талкууланды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ленин районунун акими Жыргалбек Шакиев мечиттердин имамдары, райондун аймагында жайгашкан ири чарбалык субъектилердин жетекчилери жана МАБдардын башчылары менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө президенттин «Кыргызстанда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө» жарлыгынын аткарылышы жана ошондой эле Бишкек шаардык кеңештин «Бишкек шаарынын аймагында үйлөнүү үлпөт, үй-бүлөлүк, юбилейлик салтанаттарды, маркумду эскерүү ырым-жырымдарын жана каза болгондордун элесине арналган иш-чараларды өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому жана  башка актуалдуу маселелер талкууланды.

Жыйындын аягында аким МАБдардын башчыларына жана райондогу мечиттердин имамдарына калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бул маселени катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>