Бишкекте топ бала өспүрүмдү уурдап кетип, сабаган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте топ бала өспүрүмдү уурдап кетип, сабаган. Шектүүлөр кармалды

Бишкекте өспүрүм баланы уурдап кетип, сабоого шектүү жарандар кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милицияга аял киши кайрылып, 3-сентябрга караган түнү Садырбаев менен Валдайский көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз адамдар өспүрүм баласын күч менен унаага отургузуп, белгисиз жакка алып кетип, сабаганын билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси (адам уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы Э.Э., Т.Д., Б.К, Н.О., 23 жаштагы М.Б. жана 18 жаштагы К.Н. аттуу 6 жаш жигит кармалган. Алар Ленин райондук милициясынын тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>