Акыйкатчы институту соттордогу бузулган аудио-видео системаны оңдоого чакырды

Акыйкатчы институту соттордогу бузулган аудио-видео системаны оңдоого чакырды

Акыйкатчы институту сот органдарын аудио жана видео жаздыруу системаларынын тынымсыз иштөөсүн камсыз кылууга жана бузулган учурда ыкчам оңдоого көңүл бурууга чакырды. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, институттун сот органдары менен иштөө боюнча бөлүмүнүн кызматкерлери сот процесстерине туруктуу негизде мониторинг жүргүзүп келет.Сот жыйындарын мониторинг кылуу учурунда процессти аудио же болбосо видеофиксация (АВФ) менен камсыздоодо маселелер бар экени аныкталган.

Акыйкатчы институтунун сот органдары менен иштөө жана соттук процесстерге мониторинг жүргүзүү иштери боюнча бөлүмүнүн башчысы Самат Калчабаев аудио жана видеожазуу системалары бузулгандыктан улам сот процесстери аргасыздан башка учурга жылып калып жатканын билдирди.

«Мындай жагдай процесстин катышуучуларын нааразы кылат. КРнын Кылмыш-процессуалдык-кодексинин 283-бөлүмүнө ылайык, анча оор эмес кылмыш, азыраак оор, оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча соттук териштирүүнүн мөөнөттөрү так регламенттелген.

Мисалы, 2023-жылы 11-августта Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунда боло турган процесс  АВФ системасы иштебей калгандыктан өткөн жок.Техникалык бузулуу өз маалында оңдолгон эмес. Бул сотко катышып жаткандарды нааразы кылды», — дейт ал.

Калчабаев АВФ системасын өз маалында техникалык тейлөөдөн өткөрбөй коюу кылмыш иштерин мыйзамда белгиленген мөөнөттө кароого тоскоол болорун кошумчалады.

«Сот кызматкерлери менен сүйлөшкөн учурда АВФ системасын оңдоого 10дон ашык  күн же андан көп убакыт талап кылынарын белгилешти», — дейт ал.

Акыйкатчы институту сот органдарына Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактыда «негиздүү кармалып соттолуу» (Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакт, 14-берене, 3-бөлүм, «с» пункту) тууралуу укуктук регламент бар экенин эскертет.

Акыйкатчы институту компетенттүү сот органдарын АВФ системасынын үзгүлтүксүз иштеп турушуна көңүл бурууга чакырды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>