Бишкекте тургун 1 млн сомдук 11 iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген

Бишкекте тургун 1 млн сомдук 11 iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген

Бишкекте алдамчылыкка шектелип кармалган жарандын үстүнөн милицияга дагы бир арыз түшкөнү белгилүү болду.

Бишкек шаардык милициясы билдиргендей, 2-сентябрда Свердлов райондук милициясына Н.О. аттуу жаран кайрылып, август айында Чүй проспектисиндеги соода борборлордун биринде А. аттуу адам ишеничине кирип, «кайра сатып берем» деп баасы 964 миң 116 сомдук 11 даана iPhone телефонун алып, кийин убадасын аткарбай, алдап кеткенин билдирген.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Шектүү 19 жаштагы О.А. аттуу жаран экени аныкталган.

Тергөө учурунда ал алдамчылык жолу менен алган телефондорду шаардагы күрөөканаларга өткөрүп салганы белгилүү болгон. Учурда ал ушул сыяктуу дагы башка кылмыштарга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(559)102-855 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.

Эскерте кетсек, буга чейин аталган шектүү кыз кишинин iPhone 13 Pro Max жана iPhone 12 Pro телефондорун алдамчылык жол менен алып алганы үчүн кармалганы кабарланган.

Бишкекте кыз киши эки iPhone’ун шылуунга алдырып жиберген

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>