Бишкекте Түштүк Кореянын KOTRA уюмунун филиалы ачылат

13.05.2026 | 15:33

Бишкекте Түштүк Кореянын башка өлкөлөр менен соода жана инвестиция жаатында кызматташууга көмөктөшүү боюнча мамлекеттик уюму – KOTRA’нын филиалы ачылат. Бул тууралуу Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев менен аталган уюмдун аймактык директору Хон Ду Ёндун жолугушуусунда белгилүү болду.

Соода-өнөр жай палатасынын маалыматында, филиалды 2026-жылдын экинчи жарымына пландаштырылууда. Өкүлчүлүктүн иши эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга багытталат.

Жолугушууда тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды жана бизнес коомчулугунун өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү маселелерин карашкан.

Маалымат үчүн: KOTRA — Түштүк Кореянын өкмөтү тарабынан башкарылган, сооданы жана инвестицияларды илгерилетүү боюнча мамлекеттик уюму. Уюм 1962-жылы Түштүк Корея менен башка өлкөлөрдүн ортосундагы соода байланыштарын өнүктүрүү максатында негизделген.

Scroll to Top