Кыргызстанда аткаминерлерге пиджак кийүүгө тыюу салынды: максат — кондиционерлерди азыраак иштетүү

13.05.2026 | 14:59

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик кызматкерлер үчүн жаңы кийинүү тартиби (дресс-код) жөнүндө буйрукка кол койду. Мындан ары мамлекеттик органдардын кызматкерлери пиджак жана костюмдардан баш тартып, көйнөкчөн гана иштөөгө тийиш.

Касымалиев бул жаңы эреженин маңызын жөнөкөй эле түшүндүрдү:

«Азыр биз костюмчан иштеп, кондиционерлерди иштетип жатабыз. Эгерде көйнөк эле кийип жүрсөк, кондиционерди күйгүзбөй койсок да болот. Биз электр энергиясын үнөмдөшүбүз керек».

Өкмөт башчысы мисал катары Япониянын тажрыйбасын келтирди.

«Японияда мындай тажрыйба колдонулат: электр энергиясын сактап калуу үчүн алар галстугу жок көйнөк кие башташкан, мунун аркасында мамлекетте миллиарддаган иен үнөмдөлгөн», — деди ал.

Буйрук токтоосуз түрдө күчүнө кирет.

«Эртеңден баштап Министрлер Кабинетинин бул буйругу толугу менен ишке киргизилиши керек», — деп билдирди Касымалиев.

Scroll to Top