«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы турак жай ачылды

22.10.2026 | 11:32
«Манас» социалдык айылында майып жарандар үчүн жаңы экологиялык үй ачылды — Новости Кыргызстана

Чүй облусундагы «Манас» социалдык айылында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн төртүнчү экологиялык үй пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин депутаты Гүлжан Сатиева, Чүй облусунун башчысынын орун басары Гүлмира Кыштобаева, профилдик министрликтин кызматкерлери жана «Манас» социалдык айылы» коомдук бирикмесинин директору Гүлбарчын Такырбашева катышкан.

Аталган турак жай Германиянын Экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча федералдык министрлигинин (BMZ) жана өнөктөштөр бирикмесинин (Förderverein) каржылык жардамы менен курулган.

Иш-чарада долбоорду ишке ашырууга катышкан эл аралык өнөктөштөргө, Германиянын элчилигинин өкүлдөрүнө, ошондой эле курулушка салым кошкон «ЭкоСаман» жана «Зеленый Горизонт» компанияларына министрликтин ыраазычылык каттары тапшырылган.

Scroll to Top