Кыргызстанда бюрократиядан арылтууга багытталган мыйзамдардын пакети кабыл алынды — Юстиция министрлигиКундуз Кырбашева: Кыргызстан «жашыл» диалогдун стратегиялык борборуна айланууда1-сентябрдан тарта мамлекеттик кызматкерлердин жана кенже кызматкерлердин айлык акылары менен кошумча төлөмдөрү жогорулайтБийликти басып алууга чакырык жасаган деген шек менен изделген кыргызстандык Орусиядан экстрадицияланды — УКМКBeta Tea компаниясы Кыргызстанда чай өндүрүүчү фабрика курууну караштыруудаКыргызстанда мыйзамсыз жүргөн чет өлкөлүктөр үчүн бир айга «жашыл коридор» киргизилди
Бишкекте УКМК милициянын тергөөчүсүн кармады (видео)
17.04.2024 | 13:11
Бишкекте Ленин райондук милициянын тергөөчүсү (лейтенант) пара опузалоого шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
УКМКнын маалыматы боюнча, А.Э. аттуу лейтенант кылмыш иши боюнча фигурант болгон адамдан 180 миң сом опузалаган. Болбосо кылмыш иштин беренесин башка оор беренеге өзгөртө турганын айтып коркуткан.
Пара опузалаган тергөөчү 15-апрелде УКМКнын жана ИИМдин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери тарабынан акча алып жатканда кармалган.
Тергөөчү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.