Эксклюзив

Кыргызстандагы инвестициялар: 2026-жылы акчаны кантип туура иштетип пайда табууга болот?

23.06.2026 | 13:09

Акчаны мурдагыдай жаздыктын алдында сактооаманаттарды башкаруунун эски, көнүмүш жана эң натыйжасыз ыкмасы. Экономикалык шарттар тынымсыз өзгөрүп турган азыркы мезгилде инфляция акырындык менен топтогон каражатыңыздын сатып алуу жөндөмүн төмөндөтөт. «Reporter.kg» басылмасы Кыргызстандын каржы рыногун изилдеп, акчаңызды кайда салуу, тактап айтканда аны сактоо пайдалуу жана натыйжалуу болору тууралуу макала даярдады. Расмий статистикалык маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын апрель айында Кыргызстанда жылдык инфляция 11,4 пайызга жеткен (2025-жылдын апрелине салыштырмалуу). Бул сиздин үйүңүздөгү 100 000 сом бир жылдан кийин сатып алуу жөндөмдүүлүгү боюнча 88 600 сом болуп калат дегенди билдирет. Каражатты сактап эле тим болбостон, аны көбөйтүү үчүн да инвестициялар жөнүндө ойлонуу зарыл. Бул үчүн Кыргызстанда бир нече мүмкүнчүлүктөр бар.

Банктык депозиттер: аз кирешелүү туруктуулук

Үйдө катылган акча убакыттын өтүшү менен кунун жоготот. Ал эми аны сактоонун эң жөнөкөй жана коопсуз жолу — банкка салуу, башкача айтканда – депозит. Атамекендик банктар азыр жакшы шарттарды сунуштап жатышат. Эгер сиз акчаңызды банкка салсаңыз, алар сизге жылына орточо эсеп менен 12%дан 14%га чейин үстөк пайызын (пайда) кошуп беришет. Мисалы, жөнөкөй тил менен айтканда, эгер сиз банкка 100 000 сом салып койсоңуз, бир жылдан кийин ал акчаңыздын үстүнө кеминде 12 000-14 000 сом таза пайда кошулат.

Инфляция менен салыштыруу:

  • Эгер депозит жылына 12 пайыз пайда алып келсе, ал эми инфляция 11,4 пайыз болсо сиздин таза кирешеңиз болжол менен пайыз гана болот. Бул акчанын баасы түшүшүн (кымбаттоону) араң жабат, бирок каражатыңызды сезилерлик көбөйтпөйт.
  • Эгер депозит жылына 14 пайыз пайда алып келсе, таза кирешеңиз 2,6 пайыздын тегерегинде болот. Бул деген акчаңыздын сатып алуу күчү аз да болсо өскөнүн билдирет.

Жыйынтыктап айтсак, депозиттер акчаны коопсуз сактоо жана тобокелсиз, кепилденген чакан киреше алуу үчүн эң жакшы тандоо.

Акция жана облигация акча салуу: Дүйнөлүк ири ишканалардан тартып жергиликтүү компанияларга чейин

Көп өлсөмдө пайда табыш үчүн тобокелге баруудан коркпогондорго баалуу кагаздар базары эшигин ачат.

Эл аралык базарлар: Заманбап технологиялар дүйнөлүк биржаларды ар бир адамга жеткиликтүү кылды. Мисалы, кыргызстандыктар MBANK тиркемесиндеги Minvest платформасы аркылуу дүйнөдөгү эң ири эл аралык компаниялардын акцияларын оңой эле сатып алса болот. 2026-жылдын 19-июнундагы маалымат боюнча, эл эң көп сатып алган акциялар төмөнкүлөр болду:

  • NVDA — NVIDIA Corporation (жасалма интеллект үчүн чиптерди жана видеокарталарды жасаган эң башкы компания);
  • MSFT — Microsoft Corporation (Windows, Office программаларын жана Azure булут сервисин түзүүчү);
  • AAPL — Apple Inc. (iPhone, Mac компьютерлерин жана башка электроникаларды чыгаруучу);
  • GOOGL — Alphabet Inc. (Google’дун ээ компаниясы);
  • MU — Micron Technology, Inc. (компьютердин эс-тутуму үчүн чиптерди чыгаруучу);
  • AMD — Advanced Micro Devices, Inc. (процессор жана видеокарталарды чыгаруучу);
  • META — Meta Platforms, Inc. (Facebook, Instagram жана WhatsApp’тын ээси);
  • AMZN — Amazon.com, Inc. (дүйнөдөгү эң чоң интернет-дүкөн жана булут провайдери);
  • TSLA — Tesla, Inc. (Илон Масктын электромобиль чыгарган компаниясы);
  • PLTR — Palantir Technologies Inc. (маалыматтарды талдоочу программаларды жана жасалма интеллектти иштеп чыгуучу).

Дүйнөлүк лидерлердин акцияларын сатып алуу глобалдык экономиканын өсүшүнөн үлүш алууга жана акчаны бир жерге салбай, ар тарапка бөлүштүрүүгө мүмкүндүк берет.

Жергиликтүү рынок: Кыргыз фондулук биржасы


Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) аркылуу жергиликтүү компаниялардын акцияларын жана облигацияларын сатып алуу менен өз мекенинин экономикасына да инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү бар. Бул өз өлкөңдөгү атамекендик бизнести колдоого жана анын өнүгүшүнөн киреше алууга жол ачат.

Эң жогорку кирешелүү облигациялар (2026-жылга карата КФБ маалыматы боюнча):

  • «Строй дом.КГ» ЖЧКсы — жылдык 20%;
  • «Салым Финанс МФК» ААК — жылдык 18,50%;
  • «АБН МФК» ААК — жылдык 18%;
  • «ИнвесКор СА МФК» ААК — жылдык 18%;
  • «Кайыңды Кант» ААК — жылдык 18%;
  • «Альфа Ойл» ЖЧКсы — жылдык 18%;
  • «Оксус МФК» ЖАК — жылдык 18%;
  • «Элет Капитал МФК» ЖАК — жылдык 18%.

Облигациялар акцияларга салыштырмалуу тобокелдиги аз деп эсептелет. Анткени аларды сатып алганда, сиз компанияга карызга акча берген болосуз, ал эми компания сизге алдын ала белгиленген пайданы төлөп берүүгө милдеттенме алат.

Сатып алууга жеткиликтүү болгон кыргызстандык компаниялардын акциялары (мисалдар):

Кыргыз фондулук биржасында баасы ар кандай болгон ар түрдүү компаниялардын акциялары да бар. Алардын арасында:

  • «MBank» ААК (5,00 сом);
  • «Кыргызтелеком» ААК (5,88 сом);
  • «Кепилдик фонд» ААК (100 сом);
  • «Кыргызнефтегаз» ААК (227,70 сом);
  • «Кыргызстан аэропорттору» ААК (424,00 сом);
  • «Дос-Кредобанк» ААК (1 000,00 сом);
  • «АБанк» ААК (бир акция үчүн 10 000 сом);
  • «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК (100 000 сом).

Ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздарга акча салууга да көңүл бурсаңыз болот. Чындыгында, аларды сатып алуу менен акчаңызды мамлекетке (КР Финансы министрлигине) карызга берген болосуз. Ал эми мамлекет ал акчаны өз убагында, алдын ала белгиленген туруктуу пайызы менен кайтарып берүүгө милдеттенет.

Мындай кагаздардын кирешеси, акчаны канча убакытка бергениңизге жараша, орточо эсеп менен жылына 12 пайыздан 16 пайызга чейин болот.

Алтын

Акчаны алтын менен сактоо убакыт сыноосунан ийгиликтүү өткөн каражат сактоонун ишенимдүү жолу. Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, дүйнөлүк инвесторлор экономикада же геосаясатта кандай гана башаламандык болбосун, акчаны коопсуз сактап калуу үчүн дайыма ушул баалуу металлды коопсуз актив катары тандашат. Дүйнөдө кандай гана кырдаал болбосун, алтын акчаны инфляциядан (кымбаттоодон) жана базардагы силкинүүлөрдөн коргой аларын туруктуу түрдө далилдеп келет.

Кыргызстанда алтынды кантип сатып алууга болот?

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда алтын сатып алуу болуп көрбөгөндөй жеңилдеди, ар бир каалоочууга жеткиликтүү болуп калды. MBANK мобилдик тиркеме аркылуу ээси көрсөтүлбөгөн металл эсебин (ОМС) ачып, алтынга инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

  • Жеткиликтүүлүк: Алтынды 0,1 граммдан өйдө сатып алса болот.
  • Коопсуздук: Банк сактоо боюнча бардык тобокелдиктерди өзүнө алат. Сизге сейф же ячейканын кереги жок.
  • Ыңгайлуулук: Каалаган убакта бир басуу менен металлды сатып, акчаны картага чыгарып алууга болот.

MBANK’та сатып алуу жолу: Тиркемени ачыңыз, «Металлдар» бөлүмүнө өтүңүз, «Алтынды» тандаңыз, каалаган салмакты көрсөтүп, төлөм жүргүзсөңүз алтын сиздин эсебиңизге чегерилет.

Криптовалюта: жогорку тобокелдик жана жогорку киреше

Криптовалюта рыногу бат-бат өзгөргөн, ошол эле учурда эң алдын ала болжолдоого кыйын болгон тармак бойдон калууда. Мында баалар катуу секирип турат (волатилдүүлүк жогору), бул тез акча табуу мүмкүнчүлүгүн да, олуттуу жоготуулар тобокелдигин да билдирет.

2026-жылы эмне болду:

  • Биткоин (BTC): 2026-жылдын 1-январында бир биткоин болжол менен $87 500 — $91 400 тегерегинде сатылып жаткан. Бирок 2026-жылдын 15-июнуна карата анын баасы $65 600 — $67 000ге чейин түшкөн. Reuters агенттиги билдиргендей, июнь айынын башына карата биткоин жыл башынан бери болжол менен 33%га арзандаган.
  • Эфириум (ETH): 2026-жылдын 1-январында Эфириум болжол менен $2967 туруп, айдын ортосунда $3356га чейин көтөрүлгөн. Бирок 2026-жылдын 15-июнуна карата анын баасы болжол менен $1784гө чейин төмөндөгөн.

Негизги криптовалюталардын арзандаганына карабастан, айрым альткоиндер кескин өстү: CoinGecko’нун маалыматы боюнча, 2026-жылдын январынан майына чейин жасалма интеллект (ЖИ), борборлоштурулбаган каржылоо (DeFi) менен байланышкан жана реалдуу кирешеси бар токендер эң көп өскөн:

  • Venice AI (VVV): +1 051,2%;
  • SkyAI (SKYAI): +837,9%;
  • Siren (SIREN): +647,3%;
  • DeXe (DEXE): +458%;
  • Unibase (UB): +377,9%.

Ири монеталардын ичинен DeXe (+363,67%), MemeCore (+118,53%), Hyperliquid (+68,62%), TRON (+17,14%) жана Tether Gold (+10,45%) өскөн. FinanceFeeds’тин пикиринде, алардын өсүшү реалдуу кирешелердин же алтын/товар менен камсыздалганынын натыйдасында мүмкүн болду.

Маанилүү: Эгерде сиз криптовалютага акча салууну чечсеңиз, муну КР Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын сайтындагы тизмеде бар, расмий лицензияга ээ крипто-алмаштыруучулар аркылуу гана жасаңыз.

Жыйынтыгында эмне десек болот?

Инвестициялоо баалардын кымбатташы (инфляция) шартында өз акчаңызды сактоонун жана көбөйтүүнүн негизги куралы болуп саналат. Тынч гана банктык депозиттер менен облигациялардан тартып, тобокелдиги жогору акциялар менен криптовалюталарга чейин – тандоо мүмкүнчүлүгү кеңири.

Эң башкысы, бардык акчаны бир жерге салбай бөлүштүрүүнү, активиңизди кылдат изилдөөнү жана тобокелдиктерди эстн чыгарбаңыз. Канчалык көп пайда убада кылынса, адатта тобокелдик да ошончолук жогору болот. Акчаңыз сизге иштеши үчүн аз суммадан баштаңыз, тынымсыз окуп-үйрөнүңүз жана өзгөрүп жаткан экономикалык шарттарга ыңгайлашыңыз.

Бул материал инвестициялык кеңеш же сунуш болуп саналбайт. Инвестициялык чечим кабыл алардан мурун каржы адиси менен кеңешүү сунушталат.

Scroll to Top