Кыргызстанда 2027-жылдын 1-сентябрынан тарта студенттердин стипендиялары көбөйтүлөтСадыр Жапаров чек арачыларга 30 млн сом бөлүп, Ошто аскердик комплексти ачтыНургазы Атканов «Кызмат» мамлекеттик мекемесине жетекчи болуп дайындалдыСауд Арабиясы Эр-Рияддагы аэропорттун жабылышын узартты13-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жаан, тоолуу жерлеринде кар жаашы күтүлөт«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталат
Бишкекте «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачат
25.09.2026 | 14:29

5-октябрда «Учур» жаштар театры чыгармачылык сезонун ачат. Иш-чара Бишкек шаарындагы Б. Кыдыкеева атындагы Кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрынын имаратында өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.
Сезондун ачылышында орус драматургу В. Л. Гуркиндин «Сүйүү жана көгүчкөндөр» пьесасынын негизинде сахналаштырылган «Чиркин өмүр» комедиясы коюлат. Спектаклдин коюучу-режиссёру — Кыргыз Республикасынын Эл артисти Уланмырза Карыпбаев. Чыгармада үй-бүлөлүк мамилелер, сүйүү, ишеним жана адамдык баалуулуктар юмор аркылуу баяндалат.
Жаңы сезондо «Учур» жаштар театры көрүүчүлөргө жаңы спектаклдерди тартуулай турганын билдирди.
Рубрики: Жаңылыктар, Маданият
Теги: Театр