Быйыл Ысык-Ата районунда жалпы 34,5 чакырым жол асфальтталатТокмокто айдоочулук күбөлүк үчүн практикалык сынак өтүүчү жайдын дареги өзгөрдүБишкекте баңгизат таратууга шектелген студент кармалдыБишкектин бир бөлүгүндө 23-июнда ичүүчү суу убактылуу токтотулатБишкекте бокс кечеси өтөт: турнирдин башкы беттештери белгилүү болдуБишкектеги Фучик көчөсүндө жаңы гүлбакча пайда болот
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды
30.05.2022 | 11:01
Бишкекте уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, мурда жабырлануучу милицияга кайрылган. Анда ал жок болгон учурда белгисиз адамдар үйгө кирип, телевизор менен ноутбукту уурдап кетишкенин айткан.
«Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин «Уурдоо» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ыкчам иликтөө кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Т.Ж. кармалган. Шектүү Т.Ж.нын үйүн тинтүү учурунда ииуурдалган сыналгы жана ноутбук табылды. Буюмдар арыз ээсине кайтарылып берилди. Шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендиги такталууда», — деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар