Самаркандда Жээнбек Кулубаев менен АКШнын мамкатчысы Марко Рубио жолугуштуКыргызстанда кыймылсыз мүлктү каттоону кечиктиргендиги үчүн туум киргизүү сунушталуудаОш шаарындагы эски базардын ордуна эс алуу жайы жана туристтик шаарча курулатЫсык-Көл облусунда миң гектардан ашык кунарсыз жайытка үрөн себиле баштадыЭки оркестр, эки өлкө: Бишкекте кыргыз-швейцар марш-парады өттүКыргызстанда өзгөчө айкалыштагы унаа номерлеринин сертификатын кайра каттоо онлайн форматка өттү
Кыргызстан Түркияда өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярданып баштады
30.05.2022 | 11:06
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде Түркияда өтө турган IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдануу үчүн биринчи ведомстволор аралык жыйын өттү. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, анда иш -чараны жогорку деңгээлде уюштуруп өткөрүү боюнча комитетин түзүү чечими кабыл алынып, бардык компоненттер (маданият, спорт жана маалымат каражаты ж.б.) боюнча өкүлдөрдү киргизүү боюнча иштер башталат.
Белгилей кетсек, IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Түркиянын Изник шаарында өтөт. Учурда Түркияда оюндарды өткөрүү боюнча жумушчу комитет иштеп жатат. Алдын ала маалыматтар боюнча иш-чараны өткөрүү үчүн мыкты режиссёрлор тартылганы айтылууда.