Адылбек Касымалиев Беларуста иш сапарын жыйынтыктадыКыргызстанда калктын 33%ын балдар түзөт, ал эми улгайган адамдардын үлүшү өсүүдөТоолордо кар жаап, шамал катуулайт: 4-октябрга карата аба ырайыОрусияда кыргызстандык аскерлердин катышуусунда ЖККУнун машыгуулары аяктадыКыргызстанга миграциялык агым 2025-жылы 15,4 миң адамга жеттиКыргызстанда өлүмдүн көрсөткүчү беш жылда 14%га төмөндөдү
Бишкекте велосипед уурдоого шектүү кармалды
03.10.2023 | 15:00
Бишкекте велосипед уурдоого шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук милициясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-сентябрда милицияга аял киши кайрылып, ошол эле күнү болжол менен саат 09:30да белгисиз адамдар 23 миң сомдук TPINX велосипедин уурдап кеткенин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (уурдоо) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 42 жаштагы К.М. аттуу жаран кармалган. Шектүү тергөө кызматына жеткирилип, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Тергөө амалдары учурунда шектүү уурдалган велосипедди кайтарып берген.
Учурда иликтөө иштери уланууда.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз