Жогорку Кеңештин комитети «чет элдик өкүл» долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин комитети «чет элдик өкүл» долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «Кыргызстандын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» («Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамына жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү) мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.

Долбоордун авторлорунун бири Надира Нарматованын айтымында,  экинчи окууда кеңири коомдук талкуу жүргүзүлөт жана депутаттардын сунуштарынын негизинде кайра иштелип чыгат. Эл өкүлү коомдук уюмдардын жана эксперттердин  пикири эске алынарын айтты.

«Бүгүнкү иштеп жаткан мыйзамдын беренелерине тийишкен жокпуз. Кошумча беренелер киргизилди. Бейөкмөт уюмдардын баары эле чет өлкөлүк өкүл эмес. Мындай макам аныкталып, такталып, соттун чечими менен гана берилет.  30 миңге жакын уюмдун баары эле андай эмес, көп  болсо бешөө чыгышы мүмкүн. Негизи активдүү иштегендер 50-60 эле», — дейт Надира Нарматова.

Эскерте кетсек, буга чейин укук коргоочулар менен активисттер аталган мыйзам долбоору сөз эркиндиги, адам укугу жаатында иш алып барган бейөкмөт уюмдардын ишин чектей турганын билдирип, аны сынга алышкан. Бул боюнча президент менен Жогорку Кеңешке кайрылуу да жөнөтүлгөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>