Нарында бажычыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды

Нарында бажычыларга кызматтык батирлердин ачкычтары тапшырылды

Бүгүн, 29-сентябрда Нарын шаарында бажы кызматкерлерине мамлекет тарабынан курулган кызматтык үйдүн батирлеринин ачкычтарын тапшыруу аземи болду. Бул тууралуу президенттин олустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, 4 кабаттуу кызматтык үй 32 батирлүү болуп салынган. Анын курулушу 2021-жылы декабрь айында башталган. Турак үйдү курууга 97,3 млн сом сарпталган. Курулуш ишин «Мерибелл Текстиль Иншаат» ЖЧКсы жүргүзгөн.

Бажы кызматкерлерге батирлердин ачкычтарын облус башчысы Алтынбек Эргешов, Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Самат Исабеков тапшырган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>