Бишкекте батир алдамчылыгына шектүү жаран кармалдыБаланын медициналык картасы «Түндүк» тиркемесинде жеткиликтүү болду — пилоттук долбоор Нарында башталдыМектептерде 8-класстар үчүн биология, химия боюнча профилге чейинки даярдоо сабактары киргизилетБишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылатОрусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу
Бишкекте жаңы ден соолукту чыңдоо комплекси жана сейил бак ачылды
19.09.2025 | 15:28

Бишкек шаарында Мурман жана Абакан көчөлөрүнүн ортосунда жаңы сейил бак жана Ж.Алыкулов атындагы ден соолукту чыңдоо комплекси ачылды. Объекттин жалпы аянты 2,48 гектарды түзөт.
Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары – УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, Кыргыз дзюдо федерациясынын президенти Куванычбек Конгантиев катышты.
Сейил бактагы жаңы шарттар:
- резина жабылган балдар аянтчасы жана воркаут-зона;
- 810 чарчы метр чуркоо жолу;
- 3 300 чарчы метр таман таш;
- отургучтар, жарыктандыруучу чырактар, таштанды урналары;
- шахмат столу бар аянтча.
Мындан тышкары, сейил бакка 150 даана дарак (липа, чынар, мажүрүм тал) отургузулуп, автоматтык сугаруу системасы жана 414 суу агызуучу лоток орнотулду.