Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкекте жарандар акысыз кардиологиялык текшерүүдөн өтө алышат
12.05.2026 | 18:00

Бишкек шаарында 13-майдан 20-майга чейин «Саламат жүрөк — чекаптан өт» аттуу маалыматтык-алдын алуу акциясы өтөт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Иш-чарага Улуттук кардиология жана терапия борборунун адистери, ошондой эле КММАнын жана Бишкек медициналык колледжинин ыктыярчылары катышат. Акциянын максаты — жүрөк-кан тамыр ооруларынын алдын алуу жана тобокелчилик факторлорун эрте аныктоо болуп саналат.
Акциянын алкагында жарандарга төмөнкүдөй медициналык кызматтар акысыз көрсөтүлөт:
- артериялык басымды өлчөө;
- дене салмагынын индексин аныктоо;
- кандагы канттын жана холестериндин деңгээлин өлчөө;
- кардиолог-дарыгердин кеңеши.
Иш-чаранын графиги (саат 10:00дөн 14:00гө чейин):
- 13–14-май: «Vefa» соода борбору (1-кабат);
- 16-май: «Бишкек Парк» соода-көңүл ачуу борбору (М-1 кабаты);
- 18-май: «Дордой Плаза» соода-көңүл ачуу борбору (жаңы корпус);
- 20-май: Орто-Сай базары.
Иш-чараны Саламаттык сактоо министрлиги, М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борбору жана Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору уюштурууда.
