ABank VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы болду

12.05.2026 | 17:52

«ABank» ААК Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын Катчылыгы менен кызматташуу башталганын жана 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий банкы макамын алганын жарыялады.

«Расмий банк макамынын ыйгарылышы – финансы сектору менен өлкөнүн ири маданий-спорттук демилгелеринин ортосундагы өнөктөштүктү өнүктүрүүнүн маанилүү этабы болуп саналат. “ABank” ААКтын мындай масштабдагы долбоорго катышуусу Кыргызстандын аброюн бекемдөөгө багытталган улуттук жана эл аралык демилгелерди колдоодогу анын стратегиялык ролун чагылдырат», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, «ABank» ААК — көп жылдардан бери экономиканы өнүктүрүүгө, мамлекеттик программаларды ишке ашырууга жана социалдык тармакты колдоого олуттуу салым кошуп келе жаткан өлкөнүн алдыңкы банктарынын бири.

«Кызматташтыктын алкагында банк Оюндардын иш-чараларын каржылык жактан коштоого көмөк көрсөтүп, долбоорду ишке ашыруунун ишенимдүүлүгүн жана туруктуулугун камсыз кылуу менен уюштуруу процесстерине колдоо көрсөтөт», — деп түшүндүрүштү мекемеден.

Ошондой эле, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстанда өткөрүлүүчү негизги эл аралык окуялардын бири экендиги белгиленет. Оюндар бир катар маанилүү даталарга, анын ичинде өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына, ошондой эле ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) алкагындагы иш-чараларга туш келет.

«Бул өңүттөн алганда “ABank” ААКтын катышуусу өзгөчө мааниге ээ болуп, улуттук финансы секторунун маданий дипломатияны өнүктүрүүгө, эл аралык байланыштарды бекемдөөгө жана Кыргызстандын уникалдуу маданий мурасын дүйнөлүк аренада таанытууга көмөктөшүүгө даярдыгын баса белгилейт», — деп айтылат билдирүүдө.

«ABank» ААКтан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү эл аралык кызматташтыкты, туризмди өнүктүрүүгө, ошондой эле көчмөн элдердин салттуу спорт түрлөрүн жана маданиятын жайылтууга маанилүү салым кошот деген ишенимин билдиришти.

Scroll to Top