Майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кызмат жеткиликтүүрөөк болот
Депутат Дастан Бекешев мамлекеттик жана муниципалдык кызмат тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Максат — майыптыгы бар адамдардын мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында иштөөсүнө көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүү.
Анын айтымында, мыйзам долбоору 2025-жылдын ноябрь айында күчүнө кирген «Майыптыгы бар адамдардын укуктары жана кепилдиктери жөнүндө» мыйзамды ишке ашыруу үчүн даярдалган.
Мыйзам долбоору учурда Жогорку Кеңеште каралууда. Аны ЖКнын Конституциялык мыйзамдуулук, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана регламент боюнча комитети экинчи окууда жактырды.
Мыйзам долбоорунун демилгечиси Reporter.kg’ге билдиргендей, азыр майыптыгы бар адамдардын көбү мамлекеттик кызматка дароо орношо албайт. Себеби алардын арасында жогорку билими жоктор көп.
«Бирок мыйзам бир күнгө иштебейт да. Биз жогорку билими жана иштөөгө каалоосу бар адамдар үчүн шарт түзүп жатабыз. Мындан тышкары, бул майыптыгы бар адамдар үчүн стимул болот. Алар жогорку билим алып, иштей алышат», — деди депутат.
Эмне өзгөрөт?
Учурдагы мыйзамга ылайык, бардык иш берүүчүлөр, анын ичинде мамлекеттик органдар да, майыптыгы бар адамдар үчүн квоталык жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү. Кызматкерлердин санына жараша мындай орундардын саны 1ден 7ге чейин жана андан көп болушу мүмкүн.
Эми мамлекеттик органдарда бул квоталар кандай аткарылары так жазылат:
• Майыптыгы бар адамдар жеке арызынын негизинде, конкурссуз түрдө кадрдык резервге киргизиле алышат. Бул үчүн тиешелүү билим жана квалификация талап кылынат.
• Бош кызмат орду пайда болгондо, мамлекеттик органдын жетекчиси резервдеги талапкерди түз дайындай алат.
• Эгер резервде ылайыктуу талапкер жок болсо, анда кызмат орду кадимки тартипте толтурулат.
Бул эмнени өзгөртөт?
Мыйзам долбоору кабыл алынса, майыптыгы бар адамдар үчүн мамлекеттик кызматка орношуунун реалдуу механизми пайда болот, мамлекеттик органдар кадрдык резервди эске алууга милдеттүү болот жана квота системасы практикалык жана ишке жарамдуу механизмге айланат.
Демилгечинин пикиринде, мамлекеттин мындай кадамы жеке компанияларды да майыптыгы бар адамдар үчүн жумуш орундарын көбүрөөк түзүүгө түрткү берет.