Бишкекте жарым марафонго байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Бишкекте жарым марафонго байланыштуу айрым көчөлөр жабылат

Бишкек шаарында 17-сентябрда Ак илбирсти сактоо боюнча жыл сайын өтүүчү эл аралык кайрымдуулук жарым марафон Бишкектин башкы борбордук көчөлөрүндө өтөт. Буга байланыштуу жарыштын маршруту өтө турган көчөлөр жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-сентябрда саат 06:00дөн 10:00гө чейин 21-чакырымда төмөнкү көчө тилкелери жабылат:

— Чүй проспектиси  Манас проспектисинен Ж.Абдрахманов көчөсүнө чейин;
— Абдрахманов (Совет) көчөсү  Чүй проспектисинен  Иманалиев көчөсүнө чейин;
— Иманалиев көчөсү  Абдрахманов көчөсүнөн  Ч.Айтматов проспектисине чейин;
— Масалиев көчөсү    Абдрахманов көчөсүнөн  Ч.Айтматов проспектисине чейин;
— Ч.Айтматов проспектиси Иманалиев көчөсүнөн  Чүй проспектисине чейин.

Белгилей кетсек, баштапкы төгүмдөрдүн каражаттарынын бир бөлүгү жыл сайын кайрымдуулук иштерине жумшалат. Иш-чара 5000 адамдын катышуусу менен «Ала-Тоо» аянтында өтөт. Жарыштын алкагында 1 км, 5 км, 14 км, 21.1 км аралыктар, ошондой эле 3 жаштан 9 жашка чейинки балдар үчүн жарышы каралган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>