Кулубаев БА мамлекеттеринин ТИМ башчылары менен жолукту

Кулубаев БА мамлекеттеринин ТИМ башчылары менен жолукту

Бүгүн, 13-сентябрда Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) Жээнбек Кулубаев Борбор Азия мамлекеттеринин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМден билдиришти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын алдыда боло турган бешинчи консультативдик жолугушуусуна даярдыктарды жана саммиттин жыйынтыктоочу документин талкуулашты. Ошондой эле, саясий өз ара аракеттенүүнү бекемдөө, туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу, экономикалык өнүгүүнү тереңдетүү максатында кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Ж.Кулубаев консультативдик жолугушуулар жогорку деңгээлдеги үзгүлтүксүз диалогду колдоо жана аймактык көйгөйлөрдү талкуулоо үчүн бекем негиз түзгөнүн, ошондой эле Борбордук Азия мамлекеттеринин ортосундагы өз ара ишенимди кыйла бекемдегенин белгиледи.

«Кыргызстан регионалдык интеграциялык процесстерди мындан ары тереңдетүүгө умтулат, бул аймак өлкөлөрүнө болгон көйгөйлөрдү чечүүдө конкреттүү натыйжаларга жетишүүгө жана элдерибиздин бакубаттуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет», — деп белгиледи ал.

Маданият күндөрүн өткөрүү практикасын улантуунун, маданий фестивалдарга, көргөзмөлөргө жана илимий изилдөөлөргө өз ара катышуунун, ошондой эле тарыхый жерлерге баруу менен туризмди активдүү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>