30-сентябрь: өлкөнүн айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйтШакира 18-октябрда Бишкекте концерт берет — билеттер 1-октябрда сатыла баштайт«Бишкекгаз» Ленинское айылында 30-сентябрдан 2-октябрга чейин газ берүүнү токтототКыргызстанда санариптик далилдерди мыйзамдаштырып, виртуалдык активдерге камак салуу сунушталуудаБишкекте үй-тиричилик товарларын жана техникаларын чыгарган өндүрүштүк аянтча ачылдыКыргызстанда кайсы өсүмдүктөрдү жыйноого, колдонууга жана сатууга болбойт
Бишкекте жашы жете элек балага карата ыплас аракеттерди жасоого шектүү кармалды
31.07.2026 | 09:58

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ИИБнин Тергөө кызматынын кызматкерлери жашы жете элек кызга карата ыплас аракеттерди жасоо боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүүнү кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын ИИББнин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына ылайык, укук коргоо органдарына С.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал 2026-жылдын 4-июлунда эртең мененки саат 06:00 чамасында белгисиз адам анын жашы жете элек кызына карата ыплас аракеттерди жасаганын билдирген.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси («Ыплас аракеттер») менен кылмыш иши козголгон. Соттук экспертизалардын комплекси дайындалды.
Соттук-медициналык экспертизалардын жана жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн аныкташты — ал 1996-жылы туулган Б.Т. аттуу жаран.
Тергөө иштери уланууда.