Чет өлкөлүк капиталы бар ишканалар 2025-жылы 109 млрд сом пайда таптыНарын дарыясында мыйзамсыз балык уулаган жарандарга айып пул салындыЧет өлкөлүк капиталы бар ишканаларда орточо айлык акы 61,9 миң сомду түздүКыргызстанда сотко кайрылуудан мурда медиатор менен милдеттүү жолугушуу киргизилетКыргызстандыктар Беларуста 30 күн каттоосуз жүрө алышатБишкек шаарында Хорватиянын консулдугу ачылды
31-июлда Кыргызстанда абанын температурасы +39 градуска чейин көтөрүлөт
31.07.2026 | 09:00
31-июлда Кыргызстанда ысык жана кургак аба ырайы сакталат. Кыргызгидрометтин маалыматына ылайык, өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Ысык-Көл жана Нарын облустарынын айрым жерлеринде күндүз батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы аймактар боюнча төмөнкүдөй болот:
- Чүй облусу: түнкүсүн +17…+22, күндүз +33…+38;
- Талас облусу: түнкүсүн +14…+19, күндүз +31…+36;
- Баткен облусу: түнкүсүн +19…+24, күндүз +34…+39;
- Ош облусу: түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
- Жалал-Абад облусу: түнкүсүн +20…+25, күндүз +34…+39;
- Ысык-Көл облусу: түнкүсүн +12…+17, күндүз +26…+31;
- Нарын облусу: түнкүсүн +8…+13, күндүз +28…+33.
Бишкек шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн абанын температурасы +19…+21 градус, күндүз +35…+37 градуска чейин көтөрүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт.
Чолпон-Ата шаарында да жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16 градус, күндүз +26…+28 градус болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4–9 метрди түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом