Бишкекте коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды. Себеби

Бишкекте коомдук транспорттун беш айдоочусу иштен алынды. Себеби

«Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы» муниципалдык ишканасы, “Бишкек троллейбус башкармалыгы” муниципалдык ишканалары жол кырсыктарынын алдын алуу жана болтурбоо максатында айдоочулар арасында жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Жыйынга мэриянын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Уланбек Бейшенбаев, Бишкек шаарынын прокуратурасынын өкүлү Исланбек Кудакеев, Бишкек ШИИБ ыйгарым укукту өкүлү Солтонов Самат, Патрулдук милиция башкы башкармалыгынын улук лейтенанты Кадырбек Батырбеков, «БЖАИ» ишканасынынын директору Талант Капаров, ишкананын кызматкерлери, автоколонналардын башчылары жана айдоочулар катышты.

Жыйындын жүрүшүндө жаңы автобустардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көбөйүшү боюнча маселе каралып, айдоочуларга жол кыймылынын эрежелерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эрежени сактабаган айдоочуларга өтө катаал жана ыкчам чараларды көрүү боюнча милдеттер коюлду.

Жыйында коомдук транспорттун 5 айдоочусу жол эрежесин одоно бузгандыгы үчүн жумуштан четтетилип, 3 айдоочу 100% сый акысынан ажыратылгандыгы айтылды.

Мындан тышкары, накталай эмес төлөм системасына толук өтүүдө пландын аткарылышы туралуу маселе көтөрүлүп, жүргүнчүлөрдөн накталай эмес төлөм жүгүртүүсүн талап кылуу, айдоочуларга коюлган баардык талаптарды жана эрежелерди сактоо талкууланды.

Белгилей кетсек, “Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы” муниципалдык ишканасынын айдоочулары жол кыймылынын эрежелери боюнча сынак тапшырууда.

Жыйындын натыйжасында жол кыймылынын эрежелерин сактабаган, накталай эмес төлөм жүгүртүүдө каражаттарды ысырап кылган  айдоочуларга өтө катаал чаралар көрүлөрү эскертилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>