Жалал-Абаддагы Чанач-Сай суу сактагычы кеңейтилүүдөКыргызстанда шайлоого катышуу эмгек стажына кошулушу мүмкүнШавкат Мирзиёев Өзбекстанда экинчи АЭСтин курулушун жарыяладыVI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата илимий макалалар жыйнагы басылып чыгатЧүй облусунда «ГЛАСС ЦЕНТР» айнек заводу ишке киргизилет«Бишкекгаз» 2–3 күнгө Бишкектин эки районунда газды өчүрөт
Бишкекте жол кирени дагы көтөрүү сунушталды
26.01.2023 | 18:37
Бишкек шаардык кеңеш коомдук транспортко төлөнүүчү акыны жогорулатуу сунушун коомдук талкууга койду. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.
- Троллейбус – 15 сом,
- Менчигинин түрүнө карабастан автобус (кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобустардан тышкары) – 15 сом;
- Менчигинин түрүнө карабастан кичи жана өзгөчө кичи класстагы автобус – 21 сом;
- Маршрутка – эртең мененки саат 6:00дөн 20:30га чейин 21 сом, кечки саат 20:30дан 6:00гө чейин 32 сом,
- Экспресс маршрутка – №233, 234 – 22 сом, №123, 226, 252 – 32 сом,
- Автобус менен троллейбуска жүк ташуу – 40 кг жогору же 50×60×100 см түзгөн жүккө 10 сом.
- Коомдук транспортто бир айлык жүрүүнүн акысы:
- Мектеп окуучуларына – 320 сом,
- Жалпы (автобус, троллейбус) – 920 сом.
Эскерте кетсек, акыркы ирет Бишкекте жол кире акысы былтыр 1-ноябрда көтөрүлгөн. Анда автобус жана троллейбустарда жол кире 11 сомду жана кичи автобустарда 15 сомду түзгөн.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналдаКечки тариф 32 сом. Бишкекте жол кире көтөрүлүшү мүмкүн
Рубрики: Жаңылыктар, Коом