Бишкекте Жоломан Шаршенбековду салтанаттуу тосуп алышты

Бишкекте Жоломан Шаршенбековду салтанаттуу тосуп алышты

Белград шаарында (Сербия) өткөн күрөш боюнча Дүйнөлүк Кубокко катышкан Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Бишкекке 17-декабрда келишти.

Мамлекеттик дене тарбия жана спорт комитетинин басма сөз кызматы билдиргендей, балбандарды спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциянын директору Жоомарт Шамканов тосуп алды. Ал өлкөнүн курама командасын мелдештеги ийгиликтүү оюну менен куттуктады:

“Силердин ийгиликтериңерге бүт өлкө сыймыктанат! Сиз трибунага чыкканда жана мамлекеттик гимн ойнолгондо биз чексиз кубанычка бөлөндүк. Бул баа жеткис сезимдер үчүн рахмат».

Дүйнөлүк Кубоктун алкагында грек-рим күрөшү боюнча мелдештер 2020-жылдын 10-декабрынан 16-декабрына чейин болуп өттү.

Кыргызстандын грек-рим курама командасы Дүйнө Кубогунда 3 медаль менен төртүнчү орунду ээледи (1 алтын, 2 коло):

1-орун — Жоламан Шаршенбеков, 60 кг салмакта;

3-орун — Калы Сулайманов, 63 кг салмакта;

3-орун — Руслан Царев, 72 килограммга чейинки салмак ченинде.

Эске салсак, балбандар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жиберилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>