Анвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнамдагы элчиси болуп дайындалды

08.06.2026 | 11:21
Кыргызстандын Вьетнамдагы жана Малазиядагы элчиси Анвар Анарбаев

Анвар Анарбаев Кыргызстандын Вьетнам Социалисттик Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин басма сөз кызматынын маалыматында, Анарбаев бул кызматты Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматы менен айкалыштырып аткарат. Элчинин резиденциясы Куала-Лумпур шаарында жайгашкан.

Анвар Анарбаев 1982-жылы 31-июлда Бишкек шаарында туулган. Ал 2004-жылы Кыргыз-Россия Славян университетин эл аралык мамилелер адистиги боюнча аяктаган.

Эмгек жолун 2004-жылы Тышкы иштер министрлигинде атташе кызматында баштап, кийин үчүнчү жана экинчи катчы болуп иштеген. 2008-жылдан 2013-жылга чейин Пекин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Башкы катчысынын жардамчысы болуп эмгектенген.

2013-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратында биринчи катчы, кеңешчи жана департамент директору кызматтарын аркалаган. 2016-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын АКШ жана Канададагы элчилигинде кеңешчи болуп иштеген. 2023-жылдын декабрь айынан тартып Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси кызматын аткарып келет.

Scroll to Top