Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
Бишкектин Алтын-Ордо конушундагы мыйзамсыз курулуштар буздурулууда
28.08.2025 | 11:36

Бишкектин Алтын-Ордо конушунун түштүк-чыгыш бөлүгүндөгү Чоң Чүй каналынын жээгинде жайгашкан мыйзамсыз чарба субъектилери буздурулууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, аталган курулуштардын ээлерине алдын ала түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.
“Бул аймакта жалпысынан 21 чарба субъект жайгашкан. Октябрь райондук администрациясы 2 чарба субъекти алды, калган 19 чарба субъект ээлери тарабынан алынды. Учурда жээкти тазалоо жана бошотуу иштери уланууда”,- деп билдирди мэрия.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар
Теги: Бишкек