Манастын ысымын тамеки жана ичимдиктин аттарында колдонгондорго 1 млн сом айыппул салуу сунушталды

Манастын ысымын тамеки жана ичимдиктин аттарында колдонгондорго 1 млн сом айыппул салуу сунушталды

Кыргызстанда «Манас» эпосундагы оң каармандардын ысымдарын ичимдик жана тамеки продукцияларынын аттару үчүн колдонууга тыюу салган мыйзам долбоору даярдалды. Ал депутат Тазабек Икрамов тарабынан иштелип чыккан.

Документте айтылгандай, Кыргызстанда жана чет жерге сатуу үчүн өлкө аймагында чыгарылган продукциялардын аталышына эпостогу айрым каармандардын, атап айтканда, Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин ысымдарын колдонууга тыюу салынат. Мыйзамды бузган жарандарга 100 миң сом жана ишкана-компанияларга 1 млн сом айыппул салуу каралган. Андан тышкары компаниялар  лицензияларынан дагы айрылышы мүмкүн.

Мыйзам долбоорунун автору белгилегендей, Манас, Семетей, Сейтек, Бакай, Каныкейдин каармандары мекенчилдик, өжөрлүк, көсөмдүк сыяктуу сапаттарга ээ. Ал эми эпосто баяндалган окуялардын реалдуу негизи бар болуп, кыргыз элинин тарыхы чагылдырылат.

Белгилей кетсек, «Манастагы» каармандардын аттарын ичимдик жана тамекинин аттарында колдонууга тыюу салуу тууралуу сунуштарды манасчылар дагы айтып келген.

Ошол эле учурда тамеки жана ичимдик чыгарган компаниялар улуттук баатырлардын аттарын пайдаланып, тарбиялык максатын эмес өз продукцияларын сатуу аракетин гана көздөйт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>