Бишкекте BTS, Backstreet Boys жана Дженнифер Лопестин концерттери өтүшү мүмкүнСадыр Жапаров Арменияга расмий сапар менен баратОш облусунда зыяндуу чегирткелердин кыштоочу жайлары аныкталуудаМанасчы Мамбет Чокмор уулунун 130 жылдыгына арналган эскерүү кечеси өтөтКыргызстанда мотоциклдерди, мопеддерди жана скутерлерди мыйзамдаштыруу пландалуудаЖогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуу үчүн ЖРТга каттоо башталды
Бишкектеги Чыңгыз Айтматов проспектисинде 554 жаңы чырак орнотулду
15.08.2026 | 10:20

Бишкекте Чыңгыз Айтматов проспектисинин Жибек Жолу проспектисинен тартып Иса Ахунбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүндө көчөлөрдү жарыктандыруу системасын модернизациялоо аяктады. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынан билдиришти.

Долбоордун алкагында бийиктиги 12 метр болгон 277 архитектуралык-дизайнердик мамы жана ар биринин кубаттуулугу 200 Вт түзгөн 554 заманбап светодиоддук чырак орнотулду.

Муниципалитеттен белгилешкендей, жарыктандырууну жаңылоо шаардын негизги каттамдарынын биринде көрүнүүнү жакшыртууга жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Мындан тышкары, светодиоддук чырактарды колдонуу системанын энергиялык натыйжалуулугун жогорулатып, электр энергиясынын чыгымын азайтууга шарт түзөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом