Казакстанда электр жарыгынын өчүшүн Токтогул ГЭСиндеги авария менен түшүндүрүштү

15.08.2026 | 10:10
Казакстанда электр жарыгынын өчүшүн Токтогул ГЭСиндеги авария менен түшүндүрүштү — Новости Кыргызстана

14-август күнү Казакстандын аймагында электр энергиясынын өчүшү Кыргызстандагы Токтогул ГЭСиндеги авариялык кырдаалдан улам келип чыккан. Бул тууралуу казак ММКлары «Казакстандын электр тармактарын башкаруу компаниясы» (KEGOC) ААКнын системалык кызматтар боюнча башкаруучу директору Нуржан Керимкуловго таянуу менен жазып чыгышты.

Анын айтымында, саат 14:37де Токтогул ГЭСинде жалпы кубаттуулугу 600 мегаватт болгон эки гидрогенератор авариялык түрдө өчүп калган. Бул Казакстандын энергетикалык системасындагы түндүк-түштүк транзити боюнча кубаттуулук агымынын кескин көбөйүшүнө, линияга ашыкча жүк түшүп, акыры аварияга каршы автоматиканын иштеп, жарыктын өчүрүлүшүнө алып келген.

Натыйжада Казакстандын түштүк аймагы өлкөнүн бирдиктүү энергетикалык системасынан бөлүнүп калган.

KEGOC компаниясынан билдиришкендей, адистер электр кубатын калыбына келтирүү боюнча чараларды көрүшкөн. Саат 16:12де Алматы энерготүйүнүнө чыңалуу берилип, андан соң чектөөлөрдү алуу буйругу берилген.

Саат 16:26да Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасы менен параллелдүү иштөө синхрондоштурулуп, андан кийин электр менен камсыздоо схемасы толугу менен калыбына келтирилген.

Технологиялык бузулуунун себептерин атайын комиссия аныктайт.

Эскерте кетсек, 14-августта Бишкек шаарында да электр энергиясын берүүдө үзгүлтүктөр байкалган. Шаардын айрым райондорунда чыңалуу кескин өзгөрүп (секириктер болуп), электр жарыгы өчкөн.

Кийинчерээк «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» (КУЭТ) ишканасы 14-августта саат 15:34тө Казакстандын энергетикалык системасынын түндүк жана түштүк бөлүктөрүн бириктирген жогорку чыңалуудагы линияда тышкы өчүү катталганын билдирген. Натыйжада Борбор Азиянын Бириккен энергетикалык системасы (БА БЭС) обочолонгон (изоляцияланган) энерготүйүнгө бөлүнгөн. Ал эми Кыргызстандын энергосистемасы убактылуу обочолонгон режимде иштөөгө өткөн.

Scroll to Top