ЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчы

15.08.2026 | 10:45
ЖКККУ мүчөлөрү Арменияны уюм боюнча союздаш деп эсептешет — башкы катчы — Новости Кыргызстана

ЖКККУга (Жамааттык коопсуздук келишими уюму) мүчө өлкөлөр Арменияны уюм боюнча союздаш катары карашат. Бул тууралуу ЖМКларга ЖКККУнун башкы катчысы Таалатбек Масадыков билдирди.

«Армения башынан эле жамааттык потенциалды бекемдөөгө татыктуу салым кошкон активдүү жана гармониялуу мүчө-мамлекет болгон жана ЖКККУга мүчө өлкөлөр бул өлкөнү мурдагыдай эле уюм боюнча союздаш катары карашат», — деп кошумчалады Масадыков.

Ал мүчө мамлекеттердин жетекчиликтеринин өкүлдөрү армян тараптын биргелешкен ишке толук кандуу катышуусун кайра жандантууга байланыштуу бардык маселелерди Ереван менен талкуулоого даяр экендигин бир нече жолу ырасташканын эске салды.

Августтун башында Орусиянын ЖКККУдагы туруктуу өкүлү Виктор Васильев Арменияны ЖКККУ органдарында добуш берүү укугунан ажыратуу үчүн консенсус (бирдиктүү пикир) талап кылынарын билдирген.

Анын айтымында, ЖКККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясы 11-ноябрда Москвада өтөт жана мамлекет башчылары бул маселени талкуулашы ыктымал.

Эске салсак, Армения 2024-жылы ЖКККУга катышуусун тоңдурган. Уюмдун Уставынын 20-беренесине ылайык, эгерде мүчө мамлекет эки жылдын ичинде уюмдун бюджетинин алдындагы карызын төлөө боюнча милдеттенмелерин аткарбаса, Жамааттык коопсуздук кеңеши бул өлкөнүн жарандарын уюмдун алкагындагы квоталык кызматтарга көрсөтүү укугун убактылуу токтото туруу, ошондой эле карыз толук төлөнмөйүнчө уюмдун органдарында добуш берүү укугунан ажыратуу жөнүндө чечим кабыл алат.

Мындан тышкары, Уставдын 20-беренесинде белгиленгендей, эгерде мүчө мамлекет Уставдын жоболорун, Кеңештин чечимдерин жана аларды аткаруу максатында кабыл алынган уюмдун башка органдарынын чечимдерин аткарбаса, Жамааттык коопсуздук кеңеши анын уюмдун органдарынын ишине катышуусун токтото турушу же уюмдан чыгарып салышы мүмкүн. Мындай мүчө мамлекетке карата бул маселелер боюнча чечимдер анын добушу эске алынбастан кабыл алынат.
Scroll to Top