Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Бишкектеги клуб ээлерине баңгизаттар үчүн жоопкерчилик тууралуу эскертилди
03.08.2026 | 12:53

Өткөн дем алыш күндөрү Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ШИИББ) Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери борбор калаадагы көңүл ачуучу жайларда алдын алуу иш-чараларын өткөрүштү. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Жайлардын ээлери, администраторлору жана кызматкерлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аларга мыйзам талаптары жана баңги каражаттарын, психотроптук заттарды мыйзамсыз жүгүртүү, сактоо, жайылтуу жана колдонуу үчүн жоопкерчилик жөнүндө эскертилди.
Шектүү адамдар жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө байланыштуу фактылар тууралуу ички иштер органдарына өз убагында кабарлоо зарылдыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Көңүл ачуучу жайлардын ээлерине ички көзөмөлдү күчөтүү жана мындай кылмыштарды жасоо үчүн өз объектилерин колдонууга жол бербөө сунушталды.
ШИИББ жарандарды баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары тууралуу 102 номерине чалып кабарлоого чакырды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом