Түнкүсүн үшүк жүрүп, күн ачык болот: 25-октябрга карата аба ырайыБишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөт
Эми дыйкандар министрликтин байланыш борбору аркылуу кеңеш ала алышат
03.08.2026 | 12:21

Айыл чарба министрлиги фермерлерге жана дыйкандарга 1210 бирдиктүү байланыш борбору аркылуу маалыматтык-кеңеш берүү кызматын сунуштайт. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Эми жарандар 1210 кыска номерине чалып, төмөнкү багыттар боюнча акысыз кеңеш ала алышат:
- өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы;
- ветеринария жана өсүмдүктөрдү коргоо;
- үрөн, жер семирткич жана суу ресурстарын пайдалануу;
- жеңилдетилген насыялар, субсидиялар жана мамлекеттик программалар;
- продукцияны өндүрүү, кайра иштетүү жана сатуу.
Министрликтин адистери суроолорго ыкчам жооп берип, маалыматтык колдоо көрсөтүшөт. Бул кызмат мамлекеттик кызматтарга жеткиликтүүлүктү жогорулатуу жана агрардык сектордун өкүлдөрүнө көмөк көрсөтүү максатында иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом
Теги: Айыл чарба министрлиги