Бишкектеги мечиттер текшерилүүдө

Бишкектеги мечиттер текшерилүүдө

Бишкек шаарындагы мечиттерде комплекстүү текшерүү жүрүүдө. Биринчи Май району боюнча текшерүү бүттү. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар таравих, Рамазан жана Жума намаз күндөрүндө укук белгилөөчү документтердин бар-жоктугун, санитардык-гигиеналык нормалардын жана эрежелердин сакталышын, маска режимин жана социалдык аралыкты текшеришет. Мындан тышкары, экстремизм жана терроризмге каршы аракеттенүү алкагында да иштер жүргүзүлүүдө.

Маалым болгондой, Биринчи Май району боюнча текшерүү учурунда 4 санитардык буйрук берилип, 3 протокол түзүлүп, 5 миң сом айып салынган.

Белгилей кетсек, Биринчи Май районунун аймагында 55 диний уюм жана конфессия катталган, анын ичинен 11 мечит, 22 намазкана, 2 медресе, 2 Иегова жамааты, 18 диний объект.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>