Бишкектеги мейманканалардын биринин жер төлөсүнөн майнинг-ферма табылды

Бишкектеги мейманканалардын биринин жер төлөсүнөн майнинг-ферма табылды

Ушул жылдын 3-мартында Бишкек шаарынын Токтоналиев көчөсүндө жайгашкан «Тихий-Замок» мейманканасынын жер төлөсүндө «Түндүк электр» ААКнын электр тармактарына мыйзамсыз түрдө криптовалютаны өндүрүү үчүн 150дөн ашык техникасы бар майнинг-фермасы  кошулганы аныкталган. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Мыйзамсыз иш-аракеттерди Кыргызстандын жараны 1997-жылы туулган «Х.Р.Р.» уюштурган.

«Белгилей кетүүчү нерсе, өлкөдө электр энергиясынын жетишсиздигин эске алуу менен «Улуттук электр холдинг компаниясы» ААК тоо-кен казып алуу максатында техникалык шарттарды берүүгө убактылуу тыюу салган, бул аталган тоо-кен чарбанын мыйзамсыз иштегендигин айгинелейт», — деп айтылат маалыматта.

Учурда мамлекетке келтирилген зыяндын көлөмү такталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>