Путин, Си Цзиньпин, Эрдоган жана башка лидерлер Бишкектеги ШКУ саммитине катышатДон Уилсон жана Бай Линг Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн Кыргызстанга келетШКУ саммити жана ДКО өтө турган күндөрү Бишкекте автобустар сейрек катташы мүмкүнШКУ саммити жана Көчмөндөр оюндарынын коопсуздугун 15 миң кызматкер камсыздайтНепалдагы суу ташкындарынан 464 адам каза болуп, миңге жакыны дайынсыз болуудаКыргызстан климаттык каржылоону Мамлекеттик өнүктүрүү банкы аркылуу тартууну көздөөдө
Бишкектеги мектеп лагерлеринде 4 миңден ашык бала эс алууда
17.06.2022 | 10:46
Бишкек шаарынын жалпы билим берүү уюмдарында мектеп лагерлеринин салтанаттуу ачылышы болду, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Маалыматка караганда, балдар үчүн концерттик программа, интеллектуалдык жана кызыктуу оюндар, спорттук мелдештер, куурчактардын жана клоундардын шоу программалары менен майрамдык программа даярдалды.
Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева, ошондой эле балдардын ата-энелери №39 мектеп-гимназиясынын жана №85 орто мектептин мектеп лагеринин салтанаттуу ачылышына катышты.
Мэриянын билим берүү башкармалыгы тарабынан 46 мектепте күндүзгү лагерлер уюштурулду. Эс алуу шаардын 38 мектебинде 4470 окуучуну тамак менен камсыздайт. Мектеп лагерлери 2022-жылдын 13-июнунан 8-июлуна чейин иштейт.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом