Бишкек мэриясы «Белес Kей Жи» менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек мэриясы «Белес Kей Жи» менен кызматташуу боюнча меморандумга кол коюшту

Бишкек шаарынын мэриясы «Белес Kей Жи» ЖЧКсы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Бул тууралуу анын басма сөз кызматы билдирди.

Документке Транспорт жана жол инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору Максат Нусувалиев менен компаниянын башкы директору Мирбек Аскалиев кол коюшту.

Меморандумдун алкагында муниципалитет чыгарылып жаткан унаалардын сапатын алгачкы текшерүү үчүн газ кыймылдаткычы бар беш автобус сатып алууну көздөөдө.

Тараптар мындан аркы пландарды жана Бишкек шаары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну да талкуулашты.

Эске салсак, февраль айынын ортосунда президент «Белес» ишканасына барган. Анда Садыр Жапаров атамекендик өндүрүшчүлөрдү колдоо максатында мамлекет ишканада чыгарылган 10 автобустун алгачкы партиясын сатып аларын билдирген.

Ийгиликтүү иш алып барса, завод менен үзгүлтүксүз тыгыз кызматташуу маселеси каралат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>