Бишкекте PWL-3 мелдеши өтөт. Үч кыргызстандык балбан күчүн сынайт

Бишкекте PWL-3 мелдеши өтөт. Үч кыргызстандык балбан күчүн сынайт

Бишкекте Поддубный лигасы (Poddubny Wrestling League-3) мелдеши 20-декабрда өтөт. Бул тууралуу аталган лигадан билдиришти.

Аталган мелдешке Кыргызстандан грек-рим күрөшүнөн Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Үзүр Жусупбеков (97 кг) жана кыз-келиндер күрөшүнөн Мээрим Жуманазарова (68 кг) катышат. Анда алар россиялык балбандар менен күрөшөт. Жоламан Шаршенбеков Эмин Сефершаев, Үзүр Жусупбеков Александр Головин, ал эми Мээрим Жуманазарова Ксения Буракова менен күч сынашат.

Эскерте кетсек, Поддубный лигасы мелдеши быйыл түзүлгөн. Буга чейин ал Москвада эки ирет өткөрүлгөн. Поддубный лигасынын Бишкектеги мелдеши чет жерде өткөрүлө турган алгачкы турнир болот.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>