ЕЭК кеңешинин жыйыны өттү

ЕЭК кеңешинин жыйыны өттү

25-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы астында видеоконференция режиминде Евразия экономикалык комиссиясынын Кеңешинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Кеңештин отурумунда күн тартибиндеги 25 маселе каралып, жыйынтыгында бир катар чечимдер кабыл алынды.

Атап айтканда, декларациялоого, же Бирликтин бажы аймагынан чыгууга байланыштуу товарлар менен бажы операцияларын жүргүзүүдө убактылуу сактоодо турган товарларга карата мурда келип чыккан бажы төлөмдөрүн төлөө боюнча милдеттенмелерди токтотууну караган чечим кабыл алынды.

Бул чечим Биримдикке импорттолуучу товарларга бир ирет бажы төлөмдөрүн киргизүүнү камсыз кылат.

Биримдиктин өлкөлөрү үчүн шоколад, шоколад жана какао азыктарына бирдиктүү талаптарды белгилөөнү караган Бажы бирлигинин «Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине өзгөртүүлөр бекитилди.

Ошондой эле ЕЭК Кеңеши «Евразия экономикалык биримдигинин 2023-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги багыттары жөнүндө» чечимдин долбоорун жактырды. Негизги багыттар ЕАЭБтин 2023-жылга карата эл аралык ишмердигинин негизги векторлорун жана практикалык артыкчылыктарын, ошондой эле аларга жетүү инструменттерин чагылдырат.

Кеңештин мүчөлөрү Биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногу иштеген жана либералдаштыруу пландарына (өткөөл мезгилде) ылайык Биримдиктин алкагында кызмат көрсөтүүлөрдүн бирдиктүү рыногун түзүү ишке ашырыла турган тейлөө секторлорунун тизмегине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечимди бекитти.

Кеңештин жыйыны алкагында Биримдикке мүчө мамлекеттерде уюштурулган соодага баалуу кагаздарды жайгаштырууга жана жүгүртүүгө трансчекаралык уруксат берүү жөнүндө Макулдашуунун долбоору каралып, аны жактыруу жана Келишимге кол коюу үчүн зарыл болгон жол-жоболорду өткөрүүгө жөнөтүү чечими кабыл алынды.

Макулдашуу бирдиктүү биржа мейкиндигинде баалуу кагаздарды эмиссиялоо жана соодалоо эркиндигин, мүчө мамлекеттердин биржа рынокторунун ликвиддүүлүгүн жогорулатуу шарттарын камсыз кылууга, мүчө мамлекеттердин каржы рынокторун өнүктүрүүгө дем берүү үчүн соода жана инвестициялык кызматташтыкты чыңдоого багытталган.

Мындан тышкары Бириккен Араб Эмираттары менен Эркин соода келишимимин долбоорунун концептуалдык жоболору жактырылды.

ЕЭК Кеңешинин кезектеги отуруму 14-декабрда Москва шаарында (Россия Федерациясы) өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: ЕАЭБ ЕЭК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>