Бишкекте ири соода борборлор жана базарлар 31-августтан 2-сентябрга чейин жабылатОрусияда кароосуз калган үч бир тууган Кыргызстанга кайтарылды19-августка карата өлкөдөгү аба ырайынын божомолу«Улуулардын ысымдары менен»: ОГКнын мүчөлөрү Чыңгыз Айтматов чокусун багындырыштыБишкектеги фестивалда окумуштуулар космос, адам жана медицина тууралуу айтып беришетСоода-өнөр жай палатасы 10 өлкөгө жаңы өкүлдөрүн дайындады
Бишкектеги сейил бакта тигилген жоогазындарды уурдагандар кармалды (видео)
12.04.2024 | 21:24
Бишкектеги сейил бакта тигилген жоогазындарды уурдагандар кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.
Милициянын маалыматы боюнча, 12-апрелге караган түнү Эмен сейил багында тигилген жоогазындарды белгисиз адамдар уурдап кеткен.
Бул окуядан кийин милиция издөө иштерине киришип, гүлдү уурдагандар жоогазындарды сатып жатканда кармалган. Шектүү катары 28 жаштагы Ш.С. жана 47 жаштагы К.Н. аттуу жарандар кармалып, милицияга жеткирилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.